7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алмамбет Шыкмаматов швейцариялык SICPA SA компаниясынын жетекчилиги менен жолукту

5

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов коргоо чечимдерин жана товарларга байкоо жүргүзүү тутумдарын иштеп чыгууга адистешкен швейцариялык технологиялык SICPA SA компаниясынын жетекчилиги менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга SICPA SA компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы жана башкы директору Филипп Амон, компаниянын стратегиялык өнүгүү боюнча директору Жан-Филипп Годен жана башка өкүлдөрү, ошондой эле Салык кызматынын тиешелүү түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери катышты.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын шарттарына ылайыкташтырылган алтынды жана коштоочу пайдалуу кендерди казып алууну байкоо жүргүзүү тутумун ишке киргизүү боюнча кызматташтык маселелери талкууланды.

Бул тутумду ишке киргизүү кол өнөрчүлүк кендеринин ишин тартипке келтирүүгө, үлгүлөрдү алуу жол-жоболорун өркүндөтүүгө, руданы жана алтынды жеткирүү чынжырын көзөмөлдөөнү камсыз кылууга, ошондой эле алтынды жана анын сыныктарын мыйзамсыз жүгүртүүнү болтурбоого мүмкүндүк берет.

«Кыргыз Республикасында алтын кендери жана аны казып алган компаниялар көп. Бирок натыйжалуу көзөмөл механизмдеринин жетишсиздигинен маалыматтарды бурмалоо, айрым жоопкерчиликсиз субъекттер тарабынан өндүрүш көлөмүн жашыруу сыяктуу тобокелдиктер жаралууда», – деп белгиледи Алмамбет Шыкмаматов.

Өз кезегинде SICPA SA компаниясынын башкы директору Филипп Амон жолугушууну жогору баалап, алтын казып алуу тармагында мониторинг жүргүзүү тутумун ишке киргизүү демилгесин колдой турганын билдирди.

Ал бул долбоор ийгиликтүү ишке ашса, мындан аркы биргелешкен демилгелер үчүн негиз түзүлөрүн жана башка пайдалуу кендерге да ушундай чечимдерди киргизүүгө мүмкүндүк берерин кошумчалады.

Белгилей кетсек, швейцариялык SICPA SA – акча белгилерин, документтерди жана товарларды жасалмалоодон жана мыйзамсыз жүгүртүүдөн коргоого адистешкен компания.

6