Мурдагы билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси болуп дайынталды.
Тиешелүү буйрукку кечээ, Президент Садыр Жапаров кол койгон. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлайт.
«Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Бириккен улуттар уюмундагы жана Женева шаарындагы эл аралык башка уюмдардагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет», -деп жазылган.