Кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова Токио Олимпиадасында 62 килограмм салмакта күрөш боюнча турнирдин 1/8 финалында жеңишке жетти.
Ал латвиялык Анастасия Григорьеваны 8:0 эсебинде утуп алды.
Белгилей кетсек, Токио Олимпиадасында грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык спортчу Акжол Махмудов 77 килограммга чейинки салмак ченинде финалга чыкты. Бүгүн ал алтын үчүн күч сынашат.