7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алтымышев: Бизде сөз эркиндиги да бар, адам укугу да корголот

595

Сөз эркиндиги десе эле жалган маалыматтарды таратып, бирөөнүн аброюна шек келтирген материалдарды чыгара бериш эмес да. Бул тууралуу Тынчтык Алтымышев социалдык тармактагы баракчасына билдирди.

Анын айтымында, сөз эркиндиги да бар, адам укугу да корголот.

«Биздин сырттан каржыланган сайттар менен журналисттерибиз дайыма ушундай кырчаңгыланган материалдарды таратышат. Анан жоопко тарта баштаса эле сөз эркиндиги өлдү деп кыйкырып чыгышат. Эгер алардын чыгарган материалдарында чындык бар болсо эл деле аларды ээрчип кетмек. Көпчүлүгү жалган материалдар болгондуктан аларды эрчибейт. Алар жалаң жамандык издешет. Өлкөдө болуп жаткан жакшы жаңылыктарды таптакыр жазышпайт. Эң жок дегенде жарым жартылай болсо да жакшы жаңылыктардан аралаштырып жазып турушса болмок. Ошондо балким эл колдойт беле? Чыңкый чындыкты айтып чыккан бирөө жарымды жоопко тарта баштаса анда эл көтөрүлүп кетет. Кыргыздар бул жагынан жемибизди жедирбейбиз»,- деди ал.

 

596