7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алтымышев: Шаки байкенин окуясына азыркы бийлик эмес, жакындары күнөөлүүсүңөр

1473

Шаки байкенин окуясына азыркы бийлик эмес, анын жанындагы кеңешчилери, «достору», аны алдап жакшылыгын көрүп, байлык топтоп-бийликке жеткен «санаалаштары» күнөөлүсүңөр! Бул тууралуу Тынчтык Алтымышев соц.тармактагы баракчасына билдирди.

«Анын компанияларынын ачык-айкын иштешине, адал аракеттенишине эч кимиңер жардам берген эмессиңер! Тескерисинче, колуңардан келишинче анын өсүп бараткан компаниясынан уурдачусуңар. Шаки байкени «Кыргызстандын көмүскө башкаруусу сиз болосуз» деп коркутуп, оропкутуп, партия түздүрүп, бир тыйын чыгарбай анын акчасына депутат болгонсуңар далайыңар. Шаки байкенин саясатта жаңылбай жазбай, сергек ой жүгүртүү менен жүрүшүнө эч кимиңер көмөк көрсөтпөй, тупикке тыгып коюп эми карап отурасыңар! Шаки байкени алагүү кылып алып, мактап-жактап андан батирлерди, особняктарды алган журналисттер кана эми бир үн кошкулачы, алганыңарды актап, байке деле бир ыраазы болуп калсын! Шаки байкенин кеңешчилери жакшы болгондо ал деле азыр экинин бири болмок. Ал Бабанов, Түлеевдерде да күчтүү менеджер болчу, айланасы начар болгондуктан абалы ушул болду. «Дос күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат» дейт, байкени соолуктуруп, тунук акыл айтып, жакшы жолго салып кетпей, тескерисинче, «шеф добрый экен» деп андан белектерди алып, кудуңдап жүрбөдүңөрбү далайыңар. Жараткан күбө! Бирөөңөр башыңарды байлап, «анын саламаттыгы начар, мына ордуна мен отурайын» деп чыгаар бекенсиңер?!»,-деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1474