7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алтын буюмдарды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлду

228

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери алтын буюмдарды мыйзамсыз ташып кирүү аракетине бөгөт коюшту. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Тактап айтканда, Ош шаарынын аэропортунда жүргүнчүлөрдүн биринин жүгүн текшерүү учурунда жалпы баасы 13, 9 млн сомдон ашкан ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн алынып келинген, тиешелүү коштомо документтери жок алтын буюмдар (билерик, чынжырча жана сөйкөлөр) табылган.

Аталган мыйзамсыз алып кирүү фактысы боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт. Салык кызматы өлкө аймагында эсепке алынбаган жана контрабандалык товарларды жүгүртүү фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча активдүү иштерди улантууда.

229