7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Алтын түйүн» балдар инженердик-техникалык академиясына «улуттук» статусу ыйгарылды

506

Республикалык «Алтын түйүн» балдар инженердик-техникалык академиясына «улуттук» статусу ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон. Макам мектептен тышкаркы кошумча билим берүү жаатында өзгөчө сиңирген эмгеги, ошондой эле өсүп келе жаткан муунду тарбиялоодо олуттуу салым кошкондугу үчүн берилген. Мындан ары аталган мектептен тышкаркы окуу жайы «Алтын Түйүн» улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы» деп аталат.

Эске салсак, 2021-жылдын 12-майында Мамлекет башчысы академияга барган учурда педагогикалык жамаат жана окуучулардын ата-энелери менен жолугушкан. Алар мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырып, окуу жайды модернизациялоо боюнча бир катар сунуштарын айтышкан.

Академияга «улуттук» макамын ыйгаруу жаш жогорку квалификациялуу илимий кадрларды даярдоого түрткү берет, ошондой эле мамлекеттик органдар менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүгө, алдыңкы катардагы чет элдик илимий-изилдөө институттары жана илимий-техникалык өнүгүү багытындагы университеттер менен кызматташууну жөнгө салууга мүмкүндүк берет.

Мындан сырткары, Министрлер кабинетинин тийиштүү чечимдеринен соң окуу жайдын негизги жана техникалык кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулайт. Ошондой эле Садыр Жапаров окуу жайга барган учурда берген тапшырмасы боюнча жакын арада спорттук аянтчалардын ачылышы күтүлөт.

Азыркы учурда Академияда 1800дөн ашуун окуучу онлайн жана оффлайн режиминде робот техникасы жана алгоритмдер, техникалык моделдөө негиздери, информатика жана программалоо, инженерия, 3D моделдөө, компьютердик дизайн, ойлоп табуучулук маселелерин чечүү жана патенттөө, сүрөт тартуу, шахмат жана башка багыттарда окутулууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

507