7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Лейлекте 21, 27 жаштагы эки бала адам өлтүрүүгө айыпталып кармалды

458

Лейлекте кылмыш изи сууй элек адам өмүрүн алган окуянын бети ачылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.

28-август эрте менен саат 07.45 чамасында Лейлек РИИБне адам өлгөндүгү тууралуу кабар келет. Аталган жайга тергөө тобу, Исфана шаарынын 28 жаштагы тургуну М.М. өз үйүндө уктап жаткан жеринен белгисиз адамдар тарабынан денесине бир нече жолу курч миздүү нерсе сайылып каза болгондугуна күбө болгон.

Бул факт Лейлек РИИБинде Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) менен катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Кылмыштын изи сууй электе, Сүлүктү шаарынын 27 жаштагы Т.Н. аттуу тургуну Исфана шаарынан кармалган.

Кылмышка шектүүнүн шериги Исфана шаарынын 21жаштагы Ш.Мдин жашаган үйүнө барып, тинтүү жүргүзгөндө мыйзамсыз сактап жүргөн ТОЗ-8 үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу курал 21 даана октору менен, бир даана атайын кесилип даярдалган 20 калибрдеги сайсыз ок атуучу куралы, баштыкка оролгон наркотикалык зат, атайын бет кап жана атайын каражаттар жашырып койгон жеринен табылып алынды.

Азыркы күндө кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

459