7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алтындын баасы өсүп, тарыхый рекорд жаратты

161

Алтындын бир трой унциясынын баасы тарыхтагы эң жогорку чекке жетип, биринчи жолу 3 миң 750 доллардан ашты. Бул тууралуу Comex биржасынын сайтында жарыяланды.

Маалым болгондой, бүгүн эртең менен алтындын баасы бир трой унциясы үчүн 3 миң 751,4 долларды түздү (0,54 пайызга өскөн). Беш мүнөттөн кийин баа бир трой унциясы үчүн 3 миң 753,4 долларга чейин тездеди (0,6 пайызга жогору).

Буга чейинки рекорд 15-сентябрда жаңырып, алтындын биржадагы баасы бир трой унциясы үчүн 3 миң 720 доллардан ашкан.

Эксперттер буга чейин геосаясий кырдаалдын начарлашынан жана Федералдык резервдик системанын катаал саясатынан улам үстүбүздөгү жылдын аягына чейин алтындын баасы бир унций үчүн 4 миң доллардан ашат деп болжолдошкон.

162