Бүгүн, 4-ноябрда Бишкек шаарында жайгашкан Алыкул Осмоновдун үй-музейи толук оңдоп-түзөөдөн кийин кайрадан ачылды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдирди.
Учурда үй-музейде 2 миңден ашык экспонат бар. Алардын арасында акындын жеке буюмдары, кол жазмалары жана колдонгон буюм-тайымдары да бар.
Буга чейин музей кыргыздын классик акыны Алыкул Осмонов өмүрүнүн акырына чейин жашап өткөн Бишкек шаарындагы үй- музейинде акыркы жолу 2000-жылы ремонт иштери жасалган. Кийинки жылдары бөлмөлөр кышкысын жылытылбагандыктан, шыбынан суу кирип, ным тарткан дубал кээ бир баалуу документтерге, сүрөттөргө, буюмдарга да зыянын тийгизе баштаган.
Алыкул Осмоновдун үй-музейин оңдоп-түзөө иштери Түрк маданияты жана мурасы фонду тарабынан каржыланып Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Бишкек шаарынын Мэриясы тарабынан алгылыктуу иштер жасалды.
Аталган үй 1941-жылы курулган. Акын бул үйдү 1948-жылы сатып алып, 1950-жылга чейин жашаган. Оорусуна байланыштуу көпкө жашай албай, акыркы сапарга ушул үйдө узаган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram