7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алымкадыр Бейшеналиев кайрадан министр болгонун өзү билген эмес

667

«Алтын-Балалык» реабилитациялык борборунун жетекчиси Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Биздин редакция Алымкадыр Бейшеналиев менен байланышканыбызда өзү бул кызматка дайындалганын жакындарынан укканын билдирди.

«Бүгүн Алтын-Балалык борборуна Кыргызстандын жана Монголиянын биринчи айымдары келди. Алар тараптан балдардын ден-соолугун калыбына келтирүү боюнча жакшы идеялар айтылды. Монголияда реабилитациялык борбор бар экен, бирок биздин эс алуу борборундагыдай шарттары жок экен. Алтын-Балалыкты көрүп Монголиянын биринчи айымы аябай суктанды. Ал эми Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалганым күтүүсүз болду. Тааныштарым чалып куттуктай баштаганда билдим. Учурда Ысык-Көлдө иш-чаралар менен жүрөм. Кызматка чакырышса барам…»,- деди ал.

Бейшеналиев аталган борбордо 3 айдын ичинде 4500 бала эс алганын кошумчалады.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

668