7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алымкадыр Бейшеналиев козголгон 7 иш боюнча акталды

323

Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Алымкадыр Бейшеналиев прокуратура кызматы тарабынан козголгон жети иш боюнча тең акталды. Бул тууралуу бүгүн, Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.

«Мага козголгон кылмыш иштери боюнча эч жакка кайрылбайм. Ар бир адам өзүнүн кылган ишине кудай алдында жооп берет», — деди Бейшеналиев.

7-сентябрда, президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Эскерте кетсек, 19-августта Бейшеналиев саламаттыкты сактоо министри кызматынан бошотулган. Андан соң, Чолпон-Атадагы «Алтын балалык» ден соолукту калыбына келтирүү борборунун директору болгон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

324