7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алымкадыр Бейшеналиев саламаттыкты көзөмөлдөп Ош облусунда жүрөт

1182

Бүгүн, 16-июлда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев иш сапары менен Ош облусунда жүрөт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министри А.Бейшеналиев Ош облусуна иш сапарынын алкагында учурда коронавируска каршы бейтаптар дарыланып жаткан Кара-Суу районундагы жалпы дарыгерлик практикалык борборуна, «Курманжан Датка» ЖДПБ барып, жашоочуларга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапаты менен таанышты.

Кара-Суу ЖДПБдиректору Гүлкайыр Муратованын маалыматында, ооруканада жалпы 500 орун бар, анда 1887 медициналык кызматкер эмгектенет. «Курманжан Датка» филиалында 75 орун бар, коронавирус менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн эки топ түзүлгөн, алар кезек-кезеги менен бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүшөт. Стационар борборлоштурулган кычкылтек менен камсыздалган, 2 көчмө рентген аппараты, 210 кычкылтек концентраты бар, дары-дармектин коруна туруктуу көзөмөл жүргүзүлүп турат»,-деди Г.Муратова.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, министр Ош облустук саламаттык сактоо боюнча координатору Шаятбек Абдрахмановго жана ЖДПБ жетекчилигине коронавирус илдети менен ооругандарды дарылоодо бардык зарыл меджардамды көрсөтүүнү тапшырды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1183