Ысык-Көл Тоң районундагы Ак-Терек аймагы таштанды торлордон тазаланды. Бул ирет ар кыл узундуктагы Кытайда өндүрүлгөн 35 тор табылып, суудан чыгарылган.
Иш чараны «Таза Ысык-Көл» коомдук фондунун өкүлдөрү менен Ысык-Көл биосфералык аймагынын дирекциясы биргеликте уюштурган.
Ысык-Көл биосфералык аймагынын дирекциясы ар жыл сайын жайдагы туристтик маалга даярдык көрүп, көлдүн бетин таштанды менен балык кармаган торлордон тазалап чыгат.