7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алымкадыр Бейшеналиев: Тамак-аш текшерилбей балдар арасында оорулуулар көбөйдү

1230

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, бүгүн балдар ооруларынын көбөйүп жаткандыгын айтып чыкты. Маалыматка ылайык, ага тамак-аш коопсуздугунун жетиштүү деңгээлде текшерилбей жаткандыгы себеп болуп жатат.

«Ар кандай химиялык кошулмалары бар азыктарды жеген балдардын иммунитети алсырап, ооруну көтөрө албай калган деңгээлге жетүүдө» -дейт министр.

Бейшеналиев, тез арада тамактануучу жайларды текшерүүгө тыю салган мораторияди алып салууну сунуштайт. Ал үчүн атайын мыйзам долбоорун жазып, Жогорку Кеңештин кароосуна жиберген. Бирок, азырынча качан каралаары белгисиз.

Өткөн жумада, Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети «КРнын “Жарнама жөнүндө”, “Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө” мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорун карап, концепциясын жактырды.

Ага ылайык, айрым тамак-аштардын жарнамасына чектөө коюлат, айрыкча мектептерге жакын жерге  коюуга тыюу салынмакчы.

Мыйзам сунушталууда. Айрым тамак-аштардын жарнамасына чектөө коюлат

Эске сала кетсек, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн начарлыгынан тамак-аш коопсуздугу дээрлик каралбай, мөөнөтү өткөн товарлар сатылган учурлар ММКда байма-бай чагылдырып келет.  Ага «Не сахар»  долбоору айкын мисал.

Даагы бир мисал, айдын башында УКМК Оштон мөөнөтү өткөн товарлардын чыккан күнүң химиялык каражат менен  өчүрүп, өзгөртүп саткан шылуундар колго түшкөнүн жарыялаган.

Күнүнө 2 млндон ашуун киреше. Мөөнөтү өткөн товарларды «маскировка» кылгандар кармалды

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1231