7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Күнүнө 2 млндон ашуун киреше. Мөөнөтү өткөн товарларды «маскировка» кылгандар кармалды

1283

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чаралардын жүрүшүндө, республиканын түштүк аймагында мөөнөтү өтүп кеткен азыктарды өзгөчө чоң көлөмдө сактоо жана сатуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 30-сентябрында кампанын имараттарын тинтүү учурунда, жарактуулук мөөнөтү узартылган көптөгөн продуктуларды сактоо фактысы (балдар тамак-ашы, конфеттер, печенье, торттор, сүт азыктары ж.б.) аныкталган.

Мындан сырткары, мөөнөтү өтүп кеткен азыктардын мөөнөтүн атайын химиялык каражаттар менен узартып турушкан.

Такталган боюнча, мөөнөтү өтүп кеткен ар кандай азык-түлүк товарлар «R.G. Company» ЖЧК жана «М.И. Компани» ЖЧК таандык экени аныкталды. Мөөнөтү өтүп кеткен азыктар Россия Федерациясынан, Казакстан Республикасынан, ошондой эле Бишкектен келип турган.

Белгилей кетсек, мөөнөтү өтүп кеткен товарларды алгандан кийин бул компаниялардын кызматкерлери мамлекеттик органдар тарабынан кандайдыр бир текшерүүлөр болуп калса, товарларды жокко чыгаруу жасалма кабыл алуу жана берүү актысын түзүшкөн.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, бул компаниялардын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнүн көмүскө кирешеси күнүнө 2 миллион сомдон ашык сумманы түзгөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1284