1-октябрь-Эл аралык карылар күнүнө карата Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү шаардагы улгайган адамдардан кабар алып, азык-түлүк салынган баштыктарды тапшырып кайтышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, шаар башчысы карыяларды майрамы менен куттуктап жатып, аларга ар дайым өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.
Эске салсак, Жалал-Абад шаардык мэриясы карыяларга камкордук көрүү максатында 15-сентябрдан, 15-октябрга чейин бир айлык жарыялаган. Анын алкагында шаарда спорттук мелдештер,гүлдөр жарманкеси сыяктуу бир топ иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Жалал-Абад шаарында 80жаштан жогору курактагы 700дөн ашуун карыя бар.