Садыр Жапаров бүгүн, 1-октябрда, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинди өлкөнүн башкы мамлекеттик майрамы — Кытай Эл Республикасынын түзүлгөн күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

«Сизди Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 72 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм.

Түзүлгөндөн бери Кытай өзүнүн өнүгүү жолунда көптөгөн кыйынчылыктарды жеңип, зор ийгиликтерге жетишти.

Кыргызстан ар дайым Кытайдын ишенимдүү өнөктөшү болуп келген жана аны улантат. Кытай Эл Республикасы менен ар тараптуу мамилелерди өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын стратегиялык артыкчылыктуу багыты болуп саналат.

Дос мамиледеги коңшулардын эки тараптуу, ошондой эле Бириккен улуттар уюмунун жана Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы көп тараптуу кызматташтыгын бекемдөө эки элдин түпкү кызыкчылыктарына толугу менен туура келет жана региондогу тынчтык менен стабилдүүлүккө олуттуу салым кошот», — деп белгиленет куттуктоодо.

Садыр Жапаров Си Цзиньпинге бекем ден соолук, мамлекеттик ишинде ийгиликтерди, ошондой эле Кытай элине тынчтык, бакубатчылык каалады.