Ош шаарында 15 жаштагы кыз 2021-жылдын 19-августунда эжесинин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү менен төрөтканага барып көз жарган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин башкы гинекологу Раиса Асылбашева билдирди.
Маалыматка ылайык, анын жашы жете элек өспүрүм экени 29-сентябрда баласына документ алганы келгенде аныкталган.
“Кыз төрөгөнү келгенде туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө 2002-жылкы деп турган. Уул төрөп, ооруканадан баласына документ албай чыккан. 29-сентябрда мен да Ошто иш сапарда жүрүп, бул окуяга өзүм күбө болдум. Кыздын энеси балага документ алганы төрөтканага келип, анын 2006-жылкы кызы 2002-жылкы кызынын документи менен келип төрөгөнүн билдирген. Биз дароо ички иштер органдарына кабар берип, териштирүү башталды. Төрөткана аялдарга чукул жардам берип, төрөтөт. Анын кандай шартта кош бойлуу болуп калганын ички иштер органдары териштирет”, — дейт Асылбашева.
Ош шаардык төрөт үйүнүн башкы дарыгери Дамира Ташмаматованын айтымында, көз жарган кыз салмагы 3,8 кг. уул төрөгөн.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда акыркы жылдары өспүрүмдөр арасында кош бойлуулук көбөйүп жатканын адистер айтып келет.