Акыйкатчы Токон Мамытов парламенттик шайлоого аттануу үчүн отставкага кетүү боюнча арызын жазды. Ал жергиликтүү басылмалардын бирине, «Адам укугун коргоо үчүң мыйзамдарды кайра жазып чыгыш керек, ошол үчүң Парламентке аттандым» -деген.
«Мен кызматтан бошой элекмин. Парламентке шайлоого аттана тургандыгымды билдирип, отставкага кетүү үчүн арыз менен кайрылдым. Мыйзам боюнча, парламент мени кызматка шайлап, кызматтан кетирет. Парламент мени кызматтан бошото элек. Эртеңби же качан бул маселени карай ала турганы белгисиз. Андан кийин БШК каттоодон өткөрөт», — деди ал.
Ошону менен катар эле ал парламенттик шайлоого эмнеге аттанып жатканына токтолду.
«Айрым учурда адам укугуна дал келбеген мыйзамдар, токтомдор бар экен. Адам укугун кеңири коргоо үчүн кээ бир мыйзамдарды кайра иштеп чыгып, толуктап, өзгөртүү киргизүү керек. Мен ошонун баарын акыйкатчы болуп иштеп жатып көрдүм. Адам укугу тиешелүү деңгээлде корголбой жатканынын себеби мыйзамдардын иштебегендиги, иштеген учурда айрым фактылар көрсөтүлбөй калган. Мисалы, насыя алып үйүнөн ажырап жаткандар боюнча бул маселени мыйзам менен бекитип, оңдоп койсо болот. Ошондо элге, банкка, мамлекетке да жеңил болот», — дейт Мамытов.