7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аида Касымалиева эми Нью-Йоркто иштейт. Ал БУУнун расмий өкүлү болду

1465

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева Кыргызстандын БУУдагы расмий өкүлү болууга талапкерлиги жактырылды. Бул тууралуу парламенттин  Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети маалымдады.

Комитет Аида Касымалиеваны Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы туруктуу өкүлүнүн кызмат ордуна талапкерлигин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алып, төмөнкүдөй чечти:

Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы Туруктуу өкүлүнүн кызмат ордуна Касымалиева Аида Камчыбековнанын талапкерлиги жактырылсын.

Комитеттин чечиминин көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлсүн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1466