АКНЕТ компаниясы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер жана балдар үчүн «Алтын балалык» реабилитациялык борборуна каражат чогултуу марафонуна катышты. Бүгүн, 18-октябрда, компания жетекчилиги аталган борборго 1 000 000 (бир миллион) сом бөлдү.
«Биз компаниянын бул салымы бир нече өмүрдүн сакталышына өбөлгө болот деп ишенебиз, өзгөчө кеп кичинекей кыргызстандыктар жөнүндө болуп жатканда. Өлкөдөгү жашоо-турмушту жакшыртууга багытталган демилгелерди ар дайым колдоп келебиз.
«Алтын балалык» реабилитациялык борборуна өз учурунда көңүл буруп, мындай салымдарды кошуу менен биз борбордун азыркы потенциалынын мындан ары да кеңейишине шарт түзөбүз», — деп белгилешти компания жетекчилигинен.
АКНЕТ буга чейин да өлкөдө медицина тармагынын жакшырышына жана медицина кызматкерлерине бир нече ирет колдоо көрсөтүп келген. Буга чейин компания тарабынан шаардагы ооруканаларга алып берилген «Тез жардам» унаасы жана кислороддук концентраттар ушул күнгө чейин жарандрга жардам көрсөтүүгө пайдаланылып келе жатат.
Мындан тышкары АКНЕТ аталган борборду оңдоп-түзөө үчүн каражат чогултуу марафонуна катышкан бардык тараптарга терең ыраазычылык билдирет жана жарандарды кайдыгер карабай, марафонго катышууга чакырат.
Биз БИРГЕЛИКТЕ гана баарын жасай алабыз!