7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мигрант: Москвада акча асмандан жаагандай жүгүн арткан ата-энелерге кайрылуу

12132

Социалдык тармактарда кыргызстандык айымдын мигрант балдардын ата-энелерине жазган кайрылуусу коомчулуктун зээнин кейитти.

Ал Кыргызстанда жатып алып Москвада акча жаап жаткандай жүгүн артып алган мигранттардын ата-энелерине алардын чыныгы күнүмдүк жашоосун баяндап жазган.

«Москвада батир кымбат үчүн, бир бөлмөсүндө өзүң жашасаң, экинчи бөлмөсүн сөзсүз бирөөгө бересиң. Мен көбүнчө эркек, бойдок балдарды алчумун. Жүгү аз болот, бир нерсе айтсаң да угат. Кыздарды алсаң, алты чемоданы менен келет. Байкуш балдар кечке иштеп келип, эптеп-септеп курсагын тойгузат да, жуунса жуунду, жуунбаса ошол бойдон уйкуга кетишет.

Айлыгын алып эле, батирдин акысын төлөйт, өзүнө бир сом алып калбай ата-энесине салган балдарды көрдүм. «Эже тамак-ашка акча берип туруңузчу», — дешип, кийинки айлыкка чейин кайра карыз болуп калышат. Айлык алдың го кана десең, апам тойго барат, анан кредит-предит, палан-түкүн деген бойдон калат. Өзү арзан батон алып келип, майонез сыйпап жеп отурган болот. Ичкени доширак.

Болбосо  30-40 миң айлык алат. Качан айлык алаарын үйүндөгүлөрү билет, акчаны салгыча, эне жаныбар жүз жолу чалат. «Салдыңбы акчаны, банк жабылып калат, тез салагой, банктын эшигинде отурам», — деп. Акчаны салып келип чалат баласы. Телефонго жооп жок, вотцапка жазса да жооп жок. Жанагы жүз жолу чалган энеден кабар жок. Жок дегенде «акчаны алдым», — деп койбойт. “Золотая корона” апаң акчаны алды деп өзү жооп берет.

Түнкү кезметтен келген бала дароо уйкуга кетет. Бардык энелер дегенден алысмын, бирок ушундай энелер бар экенине күбө болгонмун. Акчаны алып, кафеде шапар тээп, бөлөк-салак болуп бийлеп жүргөн ата-энелер деле жок эмес. Айланайын ата-энелер, балдарыңарды аягылачы. Бөтөн элде, бөтөн жердебиз. Эртели-кечке эшектей иштетип, анан берет айлыкты. Жумушта бригадириңен, жолдо менттерден, үйгө келсе кожоюндан коркуп, күн кечиришет.

Балдарыңар тапкан акчаны үнөмдүү пайдаланып, беш сомун жесеңер, он сомун өзүнө сактап, топтоп бергилечи акчаларын. Балдар биздин келечек, каарып-аарыганда бага турган жалгыз үмүтүбүз го. Жаштайынан отко, чокко салып, ден соолугун жок кылып алсак, анын келечеги эмне болот?!», — деп жазылат анда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

12133