7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алымкадыр Бейшеналиевдин ишин текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлдү

444

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Алымкадыр Бейшеналиевдин ишин текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлдү.

Жусупбек Коргонбай уулу Саламаттык сактоо министри кылмыштуу топтун мүчөлөрүн, соттолгон адамдарды кызматка дайындап жатканын билдирген. Мындан тышкары, аны “саткын” деп атады. Ал коррупциялык схема түзүп, министр кезинде ондогон мүлккө ээ болуп, мыйзамсыз байыганын дагы белгиледи.

Комиссиянын курамына Жусупбек Коргонбай уулу, Жалолидин Нурбаев, Гүлшаркан Култаева, Шарапаткан Мажитова, Айсаракан Абдибаева, Исхак Масалиев, Султанбай Айжигитов, Нилуфар Алимжанова кирди.

Эске салсак, буга чейин Алымкадыр Бейшеналиев Жусупбек Коргонбай уулун сотко берген болчу.

 

445