7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда «бейбаштык» деп катталган иш «адам өлтүрүү» деген беренеге өзгөртүлдү

426

Жалал-Абад облусундагы Аксы районунда 18 жаштагы өспүрүмгө бычак урулгандан ал каза болгону тууралуу маалымдалган. Ал эми жаракат алган Кош-Дөбө айылынын 16 жаштагы башка өспүрүм тургуну Аксы райондук ооруканасына 31-март күнү саат 20:30 чамасында жеткирилген жана кылмыш ошол эле күнү Аксы РИИБинде «бейбаштык» факты менен катталып, тергөөгө чейинки амалдар башталган.

Учурда бул иштин каттоо себеби өзгөртүлүп, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («адам өлтүрүү») боюнча тергелип жатканын облустук милиция билдирет.

Аксы РИИБинин жетекчилиги жана ыкчам тергөө тобу кылмыш болгон жерге барып-текшерип, окуянын схемасы түзүлүп, сүрөттөр тартылып, далил катары жерге аккан кандын үлгүсү алынып, жерде жаткан шектүү жигитке таандык маки дагы табылган.

Тергөөгө чейинки амалдардын жыйынтыгында төмөнкүлөр аныкталган:

31-март күнү саат 16:30 чамасында Аксы районунун Кош-Дөбө айылынын тургуну, 11-класстын окуучусу айылдагы чач-тарачка чачын алдырганы келип, кезекке турганда, ошол эле айылдын тургуну, кезекте турган 9-класстын окуучусу менен кезек талашып, чатакташа кеткен. Экөө сыртка чыгып, уруш башталганда, азыр шектелип жаткан жигит кийин каза болгон өспүрүмдү макиси менен сол санына жана оң бетине сайып жибергени такталды.

Натыйжада 11-класстын окуучусу алган жараатынан улам Аксы райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө, ал эми 9-класстын окуучусу райондук оорукананын сынык-жараат бөлүмүнө жаткырылган. Биринчи жигит 31-март күнү саат 21:50дө каза болгон.

Бул факт боюнча шектүү жигит азыр Аксы РИИБинин убактылуу кармоочу жайына камалып, тергөө кызматы тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалды.

 

 

427