7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алымкадыр Бейшеналиевдин мурдагы кеңешчиси үй камагына чыкты

760

Мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси Мээрим Тилекова үй камагына чыкты. Маалыматка ылайык, чечим күн мурун кабыл алынган.

Каракол шаардык сотунун токтому менен камактагы бөгөт чарасы өзгөртүлүп, Мээрим Тилекова 11-сентябрга чейин үй камагына чыгарылганы кабарланды.

Эске сала кетсек, Тилекова үстүбүздөгү жылдын 17-майында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (опузалап пара алуу) негизинде кармалган. Андан кийин тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Каракол шаарына жеткирилген.

14-майда УКМК Ысык-Көл облусу боюнча саламаттык сактоо координатору 100 миң сом пара алууга шектелип кармалганын жарыялаган. Анын жанында министрдин кеңешчиси да болгону айтылган. Алымкадыр Бейшеналиев бул маалыматты четке кагып, ал күнү медайымдар күнү белгиленгенин, ал эми акча майрамга карата алынганын айткан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

761