Мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси Мээрим Тилекова үй камагына чыкты. Маалыматка ылайык, чечим күн мурун кабыл алынган.
Каракол шаардык сотунун токтому менен камактагы бөгөт чарасы өзгөртүлүп, Мээрим Тилекова 11-сентябрга чейин үй камагына чыгарылганы кабарланды.
Эске сала кетсек, Тилекова үстүбүздөгү жылдын 17-майында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (опузалап пара алуу) негизинде кармалган. Андан кийин тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Каракол шаарына жеткирилген.
14-майда УКМК Ысык-Көл облусу боюнча саламаттык сактоо координатору 100 миң сом пара алууга шектелип кармалганын жарыялаган. Анын жанында министрдин кеңешчиси да болгону айтылган. Алымкадыр Бейшеналиев бул маалыматты четке кагып, ал күнү медайымдар күнү белгиленгенин, ал эми акча майрамга карата алынганын айткан.