7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алыскы Сары-Жаз өрөөнүндө 40 чакырым жол оңдолду

653

Ысык-Көл облусунун алыскы Сары-Жаз өрөөнүндөгү жайыттардын жолдору оңдолууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Облус жетекчиси Илияз Иманбетовдун тапшырмасы менен алыскы жана жакынкы жайыттарга баруучу жолдорду оӊдоп түзөөдө район жетекчилери, тийиштүү мекеме ишканалары айыл өкмөттөрү, айыл башчылар, жайыт комитеттери тиешелүү иш алып барууда. Иштин жүрүшү менен Ак-Суу районунун жетекчилиги, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын райондук жетекчиси барып көрүп, жетишпеген техника, күйүүчү каражаттар менен камсыздоо колго алынды.

Суу жеп кеткен Сары-Жаз өрөөнүндөгү Куюлма, Кайыңды тараптагы Эшилме участкаларында болжолдуу 40 км жолдор оӊдолду, азыркы тапта көпүрө оӊдолуп жатат.

Бул иштер Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусу тарабынан каржыланып, алыскы жайыттардын жолдорун оӊдоого алынган фронталдык погрузчик иштерди жүргүзүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

654