7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аманбаев: Улукбек Карыбек уулу бала бакчага уруксаты жок кирип, балдарды видеого тарткан

784

Активист Улукбек Карыбек уулу аралашкан жаңжал тууралуу Бишкек мэриясынын пресс-кызматынын өкүлү Эргали Аманбаев төмөндөгүлөдү билдирип, коомчулукка жана укук коргоо органдарына кайрылды.

“Урматтуу коомчулук, журналист кесиптештер жана блогерлер! Сиздер менен өз оюмду бөлүшкүм келди. Акыркы кездерде өздөрүн блогер атап, ар кимдин жеке жашоосуна, жеке мүлкүнө чейин кийлигишип, эрежеден тышкары аракеттерди кылгандар көбөйдү. Алар мамлекеттик жана жеке менчик мекемелерге кирип, видео сьемка жүргүзүп, аны коомчулукка жарыялап, туура эмес, элдин кыжырдануусун жараткан маалыматтарды манипуляция кылышат. Алардын бири, Улукбек Карыбек уулу деген жаран. Жакында Бишкекте жол оңдоп жаткан жумушчуларга барып, ишине тоскоол болгон. Көп жолу министрлерге, жетекчилерге келип иштеп жаткан учурунда суроо берип тоскоолдук жаратып келет. Маалыматты бир жактуу чагылдырып, тартипке көңүл бурбайт.

Кечээ, 28-мартта Бишкектеги №173 балдар бакчасына уруксаты жок кирип, бардык санитардык нормаларды бузуп, ашканасындагы азык-түлүктөрдү текшерип, уктап жаткан балдарды видеого тартып кеткен. Аны менен чектелбей, бала бакчада иштеген медайымдын шкафын ачып, кийимдеринин чөнтөгүн аңтарып, акчаларын алып чыгып “бул эмне взяткабы?”-деп манипуляция кылган. Бул видеодо, Улукбек Карыбек уулу бала бакчага кирип бара жатканда жөтөлүп жатат. Анын саламаттыгы таза, эч кандай оорусу жок деп ким айта алат? Наристелерге оору жугузуп, сырттагы кийими менен балдар тамактанган жерге кирип алып жүргөнү одоно көрүнүш. Анын мекемелерди текшерүүгө эч кандай укугу жок. Мамлекеттик жана жеке менчик ээлерин текшерүүчү атайын органдар бар. Улукбек Карыбек уулу эч кандай укугу жок болсо дагы, мыйзамсыз иштерди кылууда. Урматтуу коомчулук, укук коргоо органдары! Ушундай тартип бузгандарды мыйзам чегинде чара көрүү өтүнүчү, элдик талкууга салуу сунушун беребиз”- дейт Бишкек мэриясынын кызматкери.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

785