7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузак районунда мурдагы айыл аймак башчысы кармалды

608

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталып, Кызыл-Туу айыл өкмөттүн мурдагы башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Аталган айыл аймагындагы жооптуу кызматкерлери “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сузак райондук филиалынын кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алышып, белгилүү бир акчалай сыйлык үчүн Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жасалма токтомдорун пайдалануу менен жеке турак жай куруу үчүн 6 гектардан ашык жер тилкесин мыйзамсыз бөлүп, жер тилкелерине жеке менчик укугу боюнча мамлекеттик актыларды жасап беришкен.

Мурдагы айыл өкмөт башчысы К.М.Ы.нын үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп, кылмыш ишине тиешеси бар көп сандагы токтомдор, корутундулар, топографиялык жана башка жасалма документтер табылып алынды, ошондой эле аталган даректе ок атуучу куралдар, травматикалык куралдар жана ок-дарылар мыйзамсыз сакталганы аныкталды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

609