21-ноябрда республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Абанын температурасы Чүй менен Талас облустарында +15…+20, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +16…+21, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө +5…+10 градус жылуу болот.
Борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында күндүн табы +18…+20 градуска жетери болжолдонду.