7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин Японияга болгон расмий сапарынын жыйынтыгында алты документке кол коюлду

395

Президенти Садыр Жапаровдун 17-20-ноябрда Японияга болгон расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Ошондо, төмөнкү документтерге кол коюлду:

— Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы жаңы доордогу достук жана баарын камтыган ар тараптуу өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен билдирүү;

— Кыргыз Республикасы менен Япониянын дипломатиялык жана кызматтык паспортторунун ээлери үчүн визасыз режимди белгилөө жөнүндө макулдашуу;

— Ирригациялык каналдарды күтүү үчүн техника менен жабдуу боюнча долбоорду ишке ашыруу боюнча Гранттык жардам алууга багытталган макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын жана Япониянын юстиция министрликтеринин ортосундагы укуктук чөйрөдө кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

— Саламаттык сактоо тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

— «Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын дирекциясы» мекемеси менен «Билим капиталы» ассоциациясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум (MoU).

 

396