Американын Түндүк Каролина штатынын борбору Ролиде Түрк дүйнөсүнөн чыккан туңгуч Нобель сыйлыгынын лауреаты, атактуу окумуштуу Азиз Санжарга “Түрк маданиятынын элчиси” наамы ыйгарылды.
Салтанаттуу түрдө наам ташырууга американын окумуштуулары, саясатчылар, маданият ишмерлери катышты. Азиз Санжар ар кайсыл эл аралык бийик форумдарга, платформаларга дайыма катышып келет. Аны менен бирге эле ал дүйнөлүк аянтчаларда түрк элдеринин Маданият элчиси катары түркий руханий баалуулуктарды, дөөлөттөрдү жайылтат жана популяризациялайт, дүйнөгө таанытат.
“Түркий маданиятты дүйнөгө жайылтуу менин ыйык миссиям деп билем, анткени биз улуу маданияттын мураскерибиз, дүйнөлүк цивилизациянын ажырагыс бөлүгүбүз»,- деди салтанатта сүйлөгөн сөзүндө.
“Түрк маданиятынын элчиси” наамын эл аралык түрк маданияты кызматташтык уюм ТҮРКСОЙдун баш катчысы Султан Раев тапшырды. Бул наамды тапшыруу аземинде Азиз Санжарга улуу тоолордун символу болгон кыргыздын ак калпагын, казактардын хан чапанын, өзбектердин бел курчоосун, азербайжандардын эркиндик символу Хары-Бюльбюль төш белгисин, түрктөрдүн аристократиялык белгисин туюндурган “бастонду” ( таякты ), түркмөндүн улуу акыны Махтумкулинин ыр жыйнагын тартуу кылдык.
“Бул белектер мен үчүн өтө кымбат, анткени бул белектер түрк дүйнөсүнүн бир туугандыгынын, ынтымагынын символдору”, — деп баалады Нобель сыйлыгынын лауреаты Азиз Санжар.
Белгилей кетсек, “Түрк маданиятынын элчиси” наамы 2023-жылы ТҮРКСОЙ курамына кирген Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түркия өлкөлөрүнүн маданият министрлеринин Туруктуу Кеңешинде уюштурулган. Бул наам дүйнөлүк кадыр-баркы, атагы бар маданият, өнөр жана илим жаатындагы инсандарга ыйгарылат. Анын башкы максаты — түрк маданиятын таанытуу, жайылтуу, маданияттар арасындагы байланышты чыңдоо, маданият аркылуу биримдикке умтулуу.
2023 — жылы Азербайжандын Шуша шаарында өткөн ХХХХ Туруктуу Кеңеш чечими менен бул наам биринчи жолу белгилүү окумуштуу, Нобель сыйлыгын түрк дүйнөсүнөн биринчилерден болуп алган Азиз Санжарга ыйгарылган.