7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Америкада журналдын башкы бетине Анжеликанын сүрөтү жарыяланды (ФОТО)

8313

Кыргызстандык ырчы айым Анжелика Кайратова Америкадагы “MOSCOW Tonight mag” журналынын башкы бетинен орун алды. Бул тууралуу журналдын Instagram баракчасына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, ырчы Анжелика журналга интервью берген жана жакын арада толугу менен жарыяланат.

“Достор, биздин декабрь айына арналган  №1 саныбыз жарыкка чыкты. Журналдын башкы бетине чыныгы супер айым, ырчы, актриса, продюсер, көптөгөн фонддордун меценанты, үлгүлүү ишкер айым Анжелика Кайратовна менен тааныштырабыз. Супер айым менен болгон эксклюзивдүү интервьюну жакында окуй аласыздар. Ошондой эле номердин ичинен эң мыкты голливуд актерлорунун өмүр таржымалдарын окуй аласыздар”, — деп жазылат журналдын социалдык баракчаларында.

Ал эми Анжелика Кайратова өзүнүн баракчасына бул жаңылыкты төмөндөгүчө сүйүнчүлөдү: “Америкада @moscowtonightmag журналы башкы бетке мени МЫКТЫ ИНФЛЮЭНСЕР деп таап, чыгарып жатышат. Мен ыйлап жатам, сүйүнүп жатам. Кыргыз кызы — америка журналынын башкы бетинде”, — деп жазат ал.

Түшүндүрмө: Инфлюэнсер (англ. influence — таасир), социалдык түйүндөрдө – кенен аудиториясы бар колдонуучу. Башкача айтканда анын посттору катталуучуларына пайдалуу таасир бере алган блогер деп атоого болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

8314