Анталияда кыргызстандык 30 жаштагы аялды жөө адамдар өтүүчү жерден унаа сүзүп кетип, ооруканадан жан берди. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя 2-августта жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө Эсилрмак көчөсүндөгү Кепез аймагында болгон. Катуу соккудан аял бир нече метр жерге ыргып кеткен.
Окуя болгон жерге тез жардам кызматы келип, аялды ооруканага алып кеткен, бирок өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон эмес.
Полиция кызматкерлери тарабынан айдоочу Э.Ч. кармалып, тергөө иштери жүрүп жатат.