Москвада Шамил Муратов аттуу кыргызстандык таксист сабалды. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга тарады.
Маалыматка ылайык, окуя 18-июнда Москванын Хохлов көчөсүндө болгон. Анда таксист жүргүнчүлөрдөн унаада сыра ичпөөнү суранган. Андан соң, жүргүнчү ачууланып, кол көтөргөн. Мындан улам, анын кашы жырылып кетип, ооруканадан тиктирген.
Жабырлануучу дарыгерлерге кайрылып, алар корутунду жазып берген. Арыз менен полицияга барганда анын арызын кабыл албай коюшкан.