7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
15°C

КРнын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

233

Президент Садыр Жапаров «КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ушул Мыйзам 2023-жылдын 22-июнунда КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

КРнын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 27-беренесинин 1-бѳлүгүндѳ соттук териштирүүнүн убагында прокурор айыптоону колдоодон баш тартканда сот өндүрүшүн жокко чыгаруучу жагдай болуп саналат.

Кабыл алынган Мыйзамдын 1-беренесинин 1-пункту менен аталган жагдай (соттук териштирүүнүн убагында прокурор айыптоону колдоодон баш тартканда) реабилитациялоочу жагдайлардын тизмесине киргизилди.

Ошондой эле кабыл алынган Мыйзамдын 1-беренесинин 3,4-пункттары менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин мамлекеттик жана расмий тилдердеги тексттериндеги айырмачылыктарды жоюуга багытталган айрым орфографиялык түзөтүүлөр киргизилет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

234