«Бирөөгө өз курагыма жаш көрүнсөм, бирөөгө картаң көрүнөм», — дейт Анжелика Кайратовна өзүнүн Instagram баракчасына жазды.
«Көздөрүң муңдуу го, кайгырба!-десе, “бирөө көздөрүң жанып турат, ички сезимдериңди карегиңен билип койдук “ дейт. Бирөөгө өз курагыма жаш көрүнсөм, бирөөгө картаң көрүнөм.
Бирөө арыктап кетиптирсиң десе- бирөөсү толуп алыптырсың, дегендей эле адамдардын көз караштары бири- бириникине дал келбейт. Билбегендер -билимимди сөз кылса, билгендер — сенин бардык жака жетишкениңе бала кезиңен бери баа беребиз, эң сулуу кол жазмаң дагы эле эсибизде дейт. Жогорку билимди ийгиликтүү аяктаганым үчүн, 13 жылдан бери кесибим менен дагы иштеп келем. Тажрыйбам менен, билимим менен бөлүшүп келгеним- булактын көзүн ачкандай, көп ийгиликтүү бизнестерин иштетип жаткандарга жол көрсөтө алдым», — дейт ал.