7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Назира Бегим: «Саясий окуяларды шылтоо кылып ЛГБТ, НПОлор митингге чыкканды токтотушса!»

1459
«Саясий окуяларды шылтоо кылып, ЛГБТ, НПО жана жарандык ативисттер митингге чыкканды токтотушса!», — дейт коомдук активист Назира Бегим. Ал бул туурасында өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымында, алар 15-апрелде митингге чыгууга даярданып жатышат.
«Мен бир топ улуттук баалуулуктарды даӊазалаган долбоорлорду уюштуруп жүрөм. Ошого байланыштуу айрым учурларда теле дебаттарга чакырып калышат. Бир нече жолу ЛГБТ өкүлдөрү, бей өкмөт уюмдарынын лидерлери менен дебаттарга катышып калдым. Дебатта алардан, каршылашынын пикирин угуу, сыйлоо дегенди байкаган жокмун. Радикал жана агрессивдүү диалог кылышып, кыргыздын улуттук түшүнүктөрүн, диний баалуулуктарыбызды жек көрүү менен мамиле кылышат. Акыркы убакта ушундай көз караштагы жарандар жана уюштуруучулар мамлекеттин ишине көп аралашып, булганган, кыргыз элине өтө жат идеологиясын жайылтып жатышат. Шайлоону, саясий окуяларды керек болсо кырсыктарды дагы шылтоо кылып көчөгө чыгышат. Буларга кенен эркиндик берилди, эркелеп кетишти. Эртен, 15-апрелде дагы митингге чыгышат экен. Улуттук ар намысы бар, мамлекеттин тынчтыгын ойлогон адамдар дагы чыгып, өз жообубузду бериш керек болуп калды. Мен Кыргызстандын келечегин намысы бар, жигиттик касиети, кыздык абийири бар акыл эстүү муундун колуна өтүшүн каалайм. Ал эми жаркын келечегибизди бузулган коомдун үгүтчүлөрү, батыштын грантын алып жашаган ниети каралардын колуна өтүшүн каалабайм!», — дейт ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1460