Эртең, 15-апрелде саат 09: 00дөн 21: 00гө чейин Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жай мезгилине даярдык көрүү максатында «Запад-2» суу алуучу жана шаардык суу менен камсыздоо тармактарындагы оңдоо жана профилактикалык иштерине байланыштуу.
Суу өчүрүлө турган райондор:
- Жибек Жолу проспектиси менен чектелген аймакта — Манас проспектиси — темир жол линиясы менен — Ала-Арча дарыясына чейин;
- М.Ганди проспектиси менен Баялинов көчөсүнө чейин;
- Журнал көчөсү боюнча Жибек Жолу проспектисинен Куренкеев көчөсүнө чейин;
- Мичурин көчөсүндө;
- Ала-Арча дарыясынын аянтында — Осташковская көч. — Москва көчөсү- Дэн Сяопин проспектисине чейин.
«Бишкекводоканал» ЖЭБи келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарынан жана мекемелерден ичүүчү сууну камдап алууну өтүнөт.
Шаардыктар суу менен камсыздоо маселелери боюнча бирдиктүү маалымат борборуна 1533 кыска номуру аркылуу чала алышат.