Анжиян-Ош багыты боюнча кичиавтобус каттамдары жанданды. Бул туууралуу, Өзбекстан Транспорт министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 1-июндан баштап Анжиян-Ош шаарларынын ортосундагы маршруттук каттам жүрө баштады. Шейшембиде кытайлык Transordo компаниясы заманбап 12 кичиавтобусту жүргүздү. Бул маршрут боюнча рейстер 2019-жылы сентябрда уюштурулган.
Анжиян менен Оштун аралыгы 45 чакырымды түзөт.
Өзбекстандын Транспорт министрлиги эки өлкө жарандары 72 сааттын ичинде коронавирус инфекциясына ПЧР-тест тапшырышы зарыл экенин белгиледи. Өзбекстан жарандары биометрикалык паспортторду да ала жүрүшү керек.
Эскерте кетсек, былтыр коронавирус пандемиясына байланыштуу каттамдар токтотулган.