7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орхан Инандыны таап берем деп, 50 000 доллар, «Субари» үлгүсүндөгү унаа алган алдамчы колго түштү

3406

«Сапат» мектеп-лицейинин негиздөөчүсү Орхан Инанды 1-июнь таңкы саат 04:20дан бери дайынсыз жоголууда. 3 күндөн бери анын табылышын Президент Садыр Жапаров баш болуп, депутаттар, окуучулары жана бүтүрүүчүлөрү ИИМден талап кылып жатат.  Бул аралыкта, аны таап берем деп жакындарына убада берип, чоң көлөмдө сый акы алгандар катталууда.

Бүгүн, 3-июнь Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы Орхан Инанды менен байланыштуу ири көлөмдөгү алдамчылыкка шекүү жаран кармалдыгын кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2-июнда Түркиянын жараны М.А. милицияга арыз менен кайрып,  белгисиз адам өзүн УКМКнын кызматкери деп тааныштырып,  Орхан Инандыны табууга жардам берем деп убада кылып, «Субару Импреза» үлгүсүндөгү автоунааны жана 50,000 доллар алган бойдон дайынсыз экендигин кабарлаган.

Бул факт  Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү (Алдамчылык, өзгөчө ири өлчөмдө жасалган жосундар) менен катталган.

Бишкек ШИИБдин жана Ички иштер министрлигинин ыкчам кызматкерлери алдамчынын изине түшүп, 1994-жылы туулган О.Б. атуу Ош облусунун тургуну кылмышка шектүү катары колго түшкөн.  Ал мурда соттолгон жана убактылуу эч жерде иштебейт. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тинтүү учурунда «Субару» унаасы жана 50 000 доллар, ошондой эле 6 огу менен «МПР» үлгүсүндөгү травматикалык тапанча жана шектүүнүн үйүнөн 12 патрон табылган.

Учурда кармалган жарандын башка кылмыштарга тиешеси бар экендиги аныкталууда.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы жаранжарды кылмыштын бетин ачууга көмөктөшүүгө чакырат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3407