Кара-Сууда сууга агып, Өзбекстандын аймагына кирип кеткен 15 жаштагы бала даагы деле табыла элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги издөө бүгүн, 3-июнда дагы уланаарын билдирди.
Окуя 31-май күнү катталган. Кара-Суу шаарындагы Шаркансай суусуна 2006-жылы төрөлгөн эркек бала түшүп кетип, Өзбекстандын аймагына агып кирип кеткен.
Шаркансай суусу Өзбекстандын Андижан облусундагы “Түштүк Фергана” каналына куйгандыктан, издөө иштерине коңшу мамлкеттин жардамы керек болуп, ӨКМ тарабынан атайын кат жолдонгон.
2-июнь күнү Өзбек Республикасынын ӨКМнин 6 куткаруучусу саат 09:00до Андижан облусунун Коргон-Төбө районундагы “Түштүк Фергана” каналына издөө иш-чараларын жүргүзүшүп, натыйжа болгон эмес. 3-июнь күнү издөө иштери улантылат.