7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Новопокровка айылында унаадан баңгизат табылды

423

Новопокровка айылында унаадан баңгизат табылды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-июнда болжол менен саат 14:30 да, ЖАМКнын №3 мекемесинин ыкчам бөлүмүнүн кызматкерлери жана Чүй облустук Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында жайгашкан №3 мекемесине караштуу аймактан ак түстөгү “Хонда Фит” унаасы токтотулуп, текшерилген.

Унаанын ичинен болжол менен 180грамм салмактагы баңгизаты табылган.

Кармалгандар Бишкек шаарынын 1994-жылы туулган К.А. жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун 1973-жылы туулган У.Б. аттуу тургундары болгон.

Эскерте кетсек, бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кармалган жарандар, топтолгон материалдар жана буюм далилдер Ысык-Ата райондук милициясына өткөрүлүп берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

424