7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Апасы 2 айында таштап кеткен кызды өз атасы багып, зордуктап жүргөнү аныкталды

9168

Бишкектеги конуштардын биринде жашаган 49 жаштагы жаран 9 жашар кызын зордуктап жүргөнү белгилүү болду. Бул тууралуу журналисттерге прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 7-февралында социалдык кызматкер милицияга кайрылып, 9 жаштагы кызды 49 жаштагы атасы зордуктап жүргөнүн кабарлаган. Аталган факты Кылмыш жаза кодексинин 161-беренеси (зордуктоо) менен катталган.

26-февралда Бишкек мэриясынын Балдар иштери боюнча комиссиясы кызды алты айга Балдарды социалдык адаптациялоо борборуна тапшырган. Апасы кызы менен жолдошун 2 айлык кезинде таштап кеткен бойдон кабар алган эмес. Ал эми шектүү кызын жалгыз тарбиялап келген.

Тергөө учурунда жашы жете элек кыз аны атасы зордуктаганын айткан. Ошондой эле соттук-медициналык экспертизанын корутундусу менен да тастыкталган.

Жыйынтыгында киши 12-мартта кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, бир нече күндөн кийин Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, иш сотко өткөн. 12-июнда Биринчи Май райондук прокуратурасы кишини ата-энелик укуктан ажыратуу боюнча сотко доо арыз менен кайрылган. 8-сентябрда сот доо арызды канааттандырган. 18-июнда кызды толук мамлекеттик колдоо үчүн мектеп-интернатка киргизишкен.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

9169