7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Апасы, кызы жана уулу киши колдуу болгон окуя. Шектүү сотто күнөөсүн мойнуна алган жок

1195

Бүгүн, 11-июлда Бишкектеги Октябрь райондук сотунда үч кишинин өлүмүнө шектүү Чынтемир Аширалиевдин иши карала баштады.

Мамлекеттик айыптоочу Аширалиев өзгөчө оор кылмышка айыпталып жатканын, кылмыш жасаган маалда акыл-эси ордунда, аракетине жооп бере алган абалда болгонун, алкоголго көз каранды эмес экенин билдирген. Ал эми соттолуучу Аширалиев күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Сот процесси орус тилинде өтүп жаткан бирок, маркум аялдын апасы кыргыз тилинде сүйлөй турганын айтышкан. Мындан улам судья котормочу кийинки отурумга келерин айтып 26-июлга жылдырды.

Эскерте кетсек, 16-февралда Бишкектин 5-кичи районунда 3 адам киши колдуу болгон. Батирден апасы, кызы жана уулунун жансыз денеси табылган. Кылмышка шектүү кармалып, кийинчерээк анын УКМКнын мурдагы кызматкери экени белгилүү болгон. Ошондой эле үйдөгү камерага түшүп калган үрөй учурган видео тараган. Бишкек шаардык милициясы 12-июнда бул үрөй учурган окуяга байланыштуу кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөнүн билдирген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1196