Дүйнөнүн эң жандуу мегаполистеринин катарына кирген Стамбул Европа менен Азияни бириктирип, маданияттарын айкалыштырган уникалдуу шаар. Дал ушул көпчүлүктү суктандырган Стамбулдун дүйнөгө белгилүү кооз жерлери, негизинен Анадолу аймагында жайгашкан. Анадолу району тынч жана салкын жай. Абасы таза. Жаратылышы кооз. Ошондой эле тарыхый жерлери, динамикалуу түнкү жашоосу, табитти ачкан даамдуу ашканасы жана тандоосу көп базары, соода аянтчалары менен да көпчүлүктүн көңүлүн буруп келет. Келиңиз, бүгүн сиздерге Анадолу жээгинин ажайып жерлери тууралуу кеңири айтып берели.
СТАМБУЛДУН ПРИНЦ АРАЛДАРЫ
Стамбулдун жака белинде жайгашкан Принц аралдары тынч, мемиреген деңиз жээгинде эс алгысы келгендер жана шаардын жандуу жашоосуна аралашууну каалагандар үчүн эң идеялдуу жер. Стамбулдун Анадолу аймагына жакын жайгашкан Мармара деңизикөз жоосун алган көк суусу, кооз жаратылышы, мээлүүн жеңил жели, жанга жагымдуу абасы менен көпчүлүктү өзүнө тартып келет. Түркиянын эң белгилүү жазуучуларын кабыл алган тарыхый сарайлары да дал ушул аралдарда жайгашкан.
БАЙЫРКЫ БОСФОР
Үскүдардан параходго түшүп, түз Анадолу Хисарына бет алсаңыз, жүз жылдык тарыхы бар кооз кварталдар, элеганттуу имараттар жана жарашыктуу архитектураны көрө аласыз.
Биринчи аялдама Кузгунчук аймагына келип түшкөнүңүздө,Босфорду жээктей жайгашкан түркүн түстүү кылымдык имараттар көрүп, алп чынарлар,жашылча-жемиштер тигилген тарыхый бактарды көрөсүз. Байыркы чиркөө, синагогалар, мечиттер кишини таң калтырат.
Стамбулдун Босфордогу эң эски аялдамаларынын бири — бул Бейлербейи. Бейлербейи жээги жана тарыхый сарайы менен зыяратчыларды өзүнө тартат. Бейлербейи сарайы, эки тарапты бириктирген көпүрөнүн ылдый жагында орун алган. Сарайдын Босфорду карай жайгашуусу, чыгыш жана батыш стилин айкалыштырган архитектурасы, төрт мезгилде тең өзгөрүп турган атмосферасы менен зыяратчыларды таң калтырат. Үскүдардын дагы бир тарыхый району — бул Ченгелкөйдү.Ченгелкөйдүчакан тарыхый чай бакчасы менен белгилүү. Бул чай бакчада симиттен сындыра жеп, ысык түрк чайынан ууртап ичип, Босфордун кооздуугуна суктанып отурган кандай гана керемет эмеспи. Ошондой эле Ченгелкөйди даамдуу деңиз азыктары кылымдык сарайлары, кооз райондору жана балык ресторандары менен белгилүү.
ЭҢ САЛКЫН РАЙОН АТТЫККАН КАДЫКӨЙ
Кадыкөй району Анадолунун эң популярдуу кварталдарынын бири болуп саналат. Кадыкөй 2019-2021-жылдары эки жолу дүйнөнүн «эң салкын райондорунун» бири деп аталган. Кафелери, пабдары, ресторандары, шарапканалары жана таверналары менен Кадыкөй акыркы жылдары Стамбулдун социалдык борборлорунун бирине айланып калды. Шаар ичиндеги бир кичи шаар болгон Кадыкөйантиквариат дүкөндөрү, рекорддук соода жайлары менен белгилүү. Ошондой эле байыркы калаада эски китеп дүкөндөр, бир кылымдык дарыкана, жада калса опера театр да бар.
Архитектурасы мененкишинин көңүлүн бурган Сүрейя опера театры, Бахарие көчөсүнүн чок ортосунда түрдүү спектакль кечелерин уюштуруп, конокторго ачык асман алдында да кызмат көрсөтүп келе жатат. Бул локацияга келсеңиз, Мода Пиердин кафесинен бир стакан чай же кофе ичип, көз жоосун алган көрүнүшкө суктанып эле отуруп каласыз. Калаасаңыз жайдын жылуу кечинде деңиз жээгине пикникке чыгып,күндүн батышын да көрө аласыз.
БАЙЫРКЫНЫН БАШКЫ БАЗАРЫ БОЛГОН БАГДАТ КӨЧӨСҮ
Узундугу 14 чакырымды түзгөн Багдат көчөсү Анадолунун эң люкс көчөлөрүнүн бири болуп саналат. Багдаткөчөсүдүйнөнүнэңмыктысоодабульварларынынбири катары да белгилүү. Кадыкөй жана Бостанжы райондорунун ортосунда жайгашкан көчөдө көптөгөн жергиликтүү жана эл аралык мода жана дизайн бренддери жайгашкан. Дүкөндөрдүн терезелерин карап, узак сейилдөөдөн ырахат аласыз. Муну менен катар жергиликтүү жана эл аралык ашканага таандык тамак-аштын түрүн тапканга болот.