Апта ичи шаар тургундарын жылуу аба ырайы күтөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматы кабарлайт.
Маалыматына ылайык, алдыдагы аптада аба ырайы негизинен ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт жана абанын температурасы жогорулайт.
6-октябрь — Күндүз +14…+16°, түнкүсүн +3…+5°. Аба ачык, жаан-чачын жок.
7-октябрь — Күндүз +18…+20°, түнкүсүн +4…+6°. Күн тийип турат.
8-октябрь — Аба туруктуу жылуу бойдон калат: күндүз +18…+20°, түнкүсүн +4…+6°. Асман ачык болуп, болбойт.
9-октябрь — Температура өзгөрбөйт — күндүз +18…+20°, түнкүсүн +4…+6°. Жаан-чачын күтүлбөйт.
10-октябрь — Бир аз ысышы мүмкүн — күндүз +20°, түнкүсүн +5…+7°. Аба ырайы ачык.
11-октябрь — Аптанын эң жылуу күнү күтүлүүдө: күндүз +20…+22°, түнкүсүн +5…+7°. Күн ачык бойдон калат.
12-октябрь — Бир аз булут капташы мүмкүн, бирок аба ырайы жылуу болот — күндүз +21…+23°, түнкүсүн +6…+8°.