7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аптанын соңунда кар жаап, суук түшөт

412

15-17-декабрында Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

15-декабрда күндүз жана 16-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жашы күтүлүүдө. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы мүмкүн. Айрым жерлерге туман түшүүсү күтүлөт.

Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетиши күтүлөт.

«16-17-декабрда абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн — 12… -17°, күндүзү — 4… — 9°, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -11… -17°, күндүзү — 4… — 9°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн — 11… -16°, күндүзү -3…, — 8°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -10.. -15°, күндүзү 0… -5° Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн — 11…, — 16°, күндүзү — 1… — 6°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -20… -25°, күндүзү -5… -10°, республиканын тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн — 15… — 20°, күндүзү -5… -10°, тоолуу райондордо түнкүсүн -13… -18°, күндүзү -7… -12°, Суусамыр өрөөнүндө жана бийик тоолуу райондордо түнкүсүн — 30.. -35°, күндүзү -13… -18° суукка чейин төмөндөйт», — деп берилет маалыматта.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика, коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоонуу кыйындатат.

 

413