7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзбекстандын маданият министрине «КР эл артисти» ардак наамы ыйгарылды

154

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-декабрда, Өзбекстан Республикасынын маданият министри Озодбек Назарбековду кабыл алды.

Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы жалпы тарых, тил, маданият жана каада-салттар менен байланышкан достукту чыңдоодо маданият маанилүү звено экенин баса белгиледи.

«Биздин элдерди кылымдардан бери келаткан достук жана коңшулук байланыштары бириктирип турат. 1992-жылы дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери эки тараптуу байланыштар жаңы деңгээлге чыкты жана бул өнөктөштүктү бекемдөөдө маданият негизги ролду ойнойт», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Президент Өзбекстан Республикасына мамлекеттик сапарынын алкагында Ташкент жана Бухара шаарларында Кыргызстандын Өзбекстандагы Маданият күндөрү өткөнүн, анда кыргыз-өзбек достугуна арналган гала-концерт, көргөзмөлөр жана кино көрсөтүүлөр болгонун эске салды.

Мамлекет башчысы 2025-жылга белгиленген Өзбекстандын Кыргызстандагы Маданият күндөрү эки элдин жакындыгын арттыруу үчүн маанилүү окуя болоруна ишенимин билдирди.

Садыр Жапаров Озодбек Назарбековду “Кыргыз Республикасынын эл артисти” наамы ыйгарылышы менен куттуктап, анын өлкөлөр ортосундагы маданий байланыштарды жана достукту чыңдоого кошкон зор салымын белгиледи.


«Сиздин чыгармачылык жолуңуз көпчүлүктү шыктандырат. 15-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында сиз катышкан музыкалык кече биздин жалпы маданий ынтымагыбыздын дагы бир көрүнүктүү мисалы болот», — деди президент.

Өз кезегинде Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбеков эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы бир туугандык мамилелерди чыңдоо ишине берилгендигин баса белгилеп, анын ишмердүүлүгүнө көрсөтүлгөн урмат-сый жана жогорку баа үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.

Министр Садыр Жапаровдун Өзбекстанга расмий сапары эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө жаңы баракты ачып, элдер ортосундагы достуктун жана стратегиялык өнөктөштүктүн тарыхындагы маанилүү окуя болгонун айтты.

“Өзбекстан Республикасы улуу жазуучу, кыргыз элинин маданий символу, Өзбекстандын сүйүктүү жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүүгө чын ыкластан даяр”, — деп баса белгиледи Озодбек Назарбеков.

Ал ошондой эле учурда Өзбекстандын алдыңкы театрлары кыргызстандык кесиптештери менен биргеликте эки элдин чыгармачылык өз ара аракеттенүүсүнүн символу катары биргелешкен театралдык долбоорду түзүүнүн үстүндө жигердүү иштеп жатканын белгиледи.

155